Home » Апостилдештирүү » Апостилдөө жол-жобосу » “Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

“Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

Бишкек шаары

2011-жылдын 13-июну № 304

 

Кыргыз Республикасынын “Бейсалык төлөмдөр жөнүндө” Мыйзамынын 12-3-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 75 “Чет элдик расмий документтерди легалдаштыруу талабын алып салуучу Конвенциянын жоболорун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Апостиль коюу үчүн жыйымдын өлчөмү 940 сом суммасында белгиленсин.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн республикалык бюджетке түшүүчү жыйымдар апостилди коюу боюнча ыйгарым укукка ээ мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын камсыздоого жумшалаары белгиленсин.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев