Home » Апостилдештирүү » Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө » “Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтому

“Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтому

Бишкек шаары

2010-жылдын 10-июну УӨ № 75

 

1961-жылдын 5-октябрында Гаага шаарында кол коюлган Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын (мындан ары – Гаага Конвенциясы) жоболорун жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:

1. Гаага Конвенциясынын 1-беренесинде көрсөтүлгөн расмий документтер тиркелген үлгүгө ылайык ушул документтерге апостиль коюу менен күбөлөндүрүлө тургандыгы белгиленсин.

2. Апостиль коюуга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар катары төмөнкү мамлекеттик органдар аныкталсын:

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги – юстиция органдарынан чыккан расмий документтерге, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, белгиленген тартипте нотариалдык жактан ырасталган жеке жана юридикалык жактардын документтерине;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги – Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан чыккан расмий документтерге;

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы – прокуратура органдарынан чыккан расмий документтерге;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы улуттук коопсуздук органдарынан чыккан расмий документтерге;

Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы финансылык полиция органдарынан чыккан расмий документтерге;

Кыргыз Республикасынын Сот департаменти – сот органдарынан чыккан расмий документтерге.

3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө киргизишсин;

- апостиль коюу боюнча функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу жана аларды алмаштыра турган адамдардын чөйрөсүн аныкташсын;

- апостиль штамптарын жасатуу боюнча чараларды көрүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги апостиль коюу тартибин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө кароого киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги апостиль коюуга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар жөнүндө Гаага Конвенциясынын депозитарийине – Нидерланддар Королдугунун Тышкы иштер министрлигине билдирилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жана аларды алуу тартиби жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө киргизсин.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, өнөр жай жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн

2010-жылдын 10-июнундагы

№ 75 токтомуна

тиркеме

Апостилдин

ҮЛГҮСҮ

APOSTILLE

(Convention de la Haye du 5 octobre 1961)

1. Өлкө ____________________________________________________________

Ушул расмий документ

2. Кол коюлду (фамилиясы) __________________________________________

3. Катарында чыккан ________________________________________________

4. мөөр/штамп менен күбөлөндүрүлгөн (мекеменин аталышы) ____________

__________________________________________________________________

күбөлөндүрүлдү

5. _________________________________________________________________

6. (Датасы)  _______________________________________________________

7. (Күбөлөндүргөн органдын аталышы) ________________________________

8. № _______________________________________________________________

9. Мөөру/штампы ____________________________________________________

10. Колу ____________________________________________________________

 

Эскертүү:

Гаага Конвенциясы тарабынан 9х9 см кем эмес өлчөмдөгү квадрат түрүндөгү апостиль штампынын формасы каралган.

12×12 см өлчөмүндөгү апостиль штампына ээ болуу максатка ылайыктуу, анын аянтынын чегинде тексттин шрифти аны сүрөттөөгө жана окуганга ыңгайлуу болсун үчүн чоңойтулушу мүмкүн.

Штампта колдонулган тилди, текстти жана аны жайгаштыруу ыраатттуулугун өзгөртүүгө жол берилбейт.

Штамптын текстин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде гана толтурууга жол берилет.