Home » Мыйзам долбоорлоо иши » Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна МААЛЫМ КАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна МААЛЫМ КАТ-НЕГИЗДЕМЕ

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна

МААЛЫМ КАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Аталган токтом долбоору “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга  ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан Мыйзам долбоорун жактыруу максатында иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин органы болуп саналгандыктан Өкмөттүн токтомунун долбоору менен аталган мыйзам долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү катары юстиция министрин аныктоо сунушталып жатат.

Мындан тышкары, учурдагы улуттук жана эл аралык  мыйзамдардын ченемдерине  талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунушталган токтом долбоорунун ченемдери учурдагы ченемдик укуктук актыларга  карама-каршы келбейт.

Ошондой эле себеби ишмердүүлүк ишин жөнгө салууга багытталган эмес жана жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси жок.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесин эске алуу менен Өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкуулоо өткөрүү талап кылынбайт.

Аталган токтом долбоорун кабыл алуу  экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.

Ушуну менен бирге ушул долбоорду кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.

Министр                                                                     У.Ахметов