Home » Эл аралык кызматташтык » Шанхай кызматташтык уюму » ШКУга мүчө – мамлекеттердин юстиция министрлеринин төртүнчү кеңешмеси

ШКУга мүчө – мамлекеттердин юстиция министрлеринин төртүнчү кеңешмеси

2016-жылдын 28-октябрында Алматы шаарында ШКУга мүчө – мамлекеттердин юстиция министрлеринин төртүнчү   кеңешмеси болуп өттү. Кеӊешмеге Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева, Казахстан Республикасынын Юстиция министри М. Б. Бекетаев, Кытай Эл Республикасынын юстиция министри У. Айин, Россия Федерациясынын юстиция министри А. В. Коновалов, Өзбекстан Республикасынын Юстиция министри М. М. Икрамов, Тажикстан Республикасынын юстиция министри Р. Шахмурод  катышышты.

ШКУнун байкоочу-мамлекеттеринен кеӊешмеге катышышты: Афганистан Ислам Республикасынын юстиция министри Хайдари А. Басир, Белорус Республикасынын юстиция министри О. Л. Слижевский, ошондой эле Монголия Республикасынын элчилигинин кеӊешчиси жана Иран Ислам Республикасынын    министринин кеӊешчиси Мухаммад Али Мехран Фар. Кеӊешме Казакстан Республикасынын юстиция министринин  төрагалыгы алдында өткөрүлгөн.

Катышуучулар макулдашылган күн тартибине ылайык ШКУга мүчө – мамлекеттердин юстиция министрлеринин үчүнчү   кеңешмесинин жыйынтыктары боюнча келишкендиктерди ишке ашыруу боюнча юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын жыйынтыктарын чыгарышты.

ШКУнун алкагындагы Юстиция министрлеринин кеӊешмеси төртүнчү жыл өткөрүлүп жатат. Жогорку деӊгээлдеги сүйлөшүү аянтчасы ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүүгө жана диалог боюнча өз ара алшылыктуу чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берди. Ушуга байланыштуу  министрлер ШКУ катчылыгы менен жана башка министрликтердин жана ведомстволордун кеӊешмелери менен мамлекет башчыларынын кеӊешинин жана өкмөт башчыларынын кеӊешмелеринин жана ШКУнун башка органдарынын, анын ичинде 2015-жылдын 10-июлундагы ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Уфа декларациясында бекитилген жана бардык мүчө мамлекеттер менен колдоого алынган юстиция министрлеринин компетенциясынын алкагындагы демилгенин деӊгээлинде  жетишилген келишкендиктерди эффективдүү камсыздоо максатында тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Юстиция министрлери, 2015-жылдын 10-июлунда Уфада Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары менен кабыл алынган 2025-жылга чейин ШКУну өнүктүрүү стратегиясы,   эл аралык форумдарда саясатташуу атмосферасын жеӊүү жана укук коргоо дискуссиясынын конфронтациясы сыяктуу биргелешкен кадамдарды кабыл алууда, теӊ укуктуу кызматташуу принцибин сактоо, азыркы жашоонун маданий-цивилизациялык көп түрдүүлүгүн сыйлоодо, адам укуктарынын бардык түрлөрүнө, анын ичинде өнүгүү укугуна эл аралык коомдоштук тарабынан бирдей маани берүүсүнө көмөктөшүүдө  турган саясий өз ара аракеттешүүдөгү укуктун ролун так аныктады.

Ошондой эле укук жана юстиция чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, 2025-жылга чейин ШКУну өнүктүрүүнүн Стртатегиясынын алкагында өз ара жана укуктук жардамды жана юридикалык кызматтарды көрсөтүүнүн  маанилүүлүгүн белгилешти, мындан тышкары Петербург эл аралык юридикалык форумдун жана «Батыш-Чыгыш»: соттук экспертизадагы көмөктөштүк илимий-практикалык конференциясынын керектүүлүгүнө көӊүл бөлүштү.