Home » Эл аралык кызматташтык » Шанхай кызматташтык уюму » ШКУга мүчө – мамлекеттердин юстиция министрлеринин учунчу кеңешмеси

ШКУга мүчө – мамлекеттердин юстиция министрлеринин учунчу кеңешмеси

2015-жылдын 18-августунда Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында Тажикстан Республикасынын юстиция министри Р. Шахмурод төрагалыгы алдында ШКУга мүчө – мамлекеттердин юстиция министрлеринин үчүнчү   кеңешмеси болуп өттү. Ошондой эле бул эки күндүк иш-чаранын ишине Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева, Казахстан Республикасынын Юстиция министри Б. М. Имашев, Кытай Эл Республикасынын юстиция министри У. Айин, Россия Федерациясынын юстиция министри А. В. Коновалов, Өзбекстан Республикасынын Юстиция министри М. М. Икрамов, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Д.Ф. Мезенцев, мындан тышкары Афганистан Ислам Республикасынын, Беларусиянын, Индиянын, Пакистандын, Азербайжандын жана Түркиянын юстиция органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Конструктивдүү жана достук жагдайда өз ара түшүнүшүү шартында болуп өткөн кеӊешменин жүрүшүндө катышуучулар өткөн мезгилдеги юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын жыйынтыктарын чыгарышты. Ченем жаратуу, нотариалдык, адвокаттык жана соттук-эксперттик ишмердүүлүк, юридикалык кызматтарды көрсөтүү, жарандык жана комерциялык иштер боюнча эл аралык келишимдердин алкагында укуктук жардам көрсөтүү жана өз ара кызыкчылык жараткан башка багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттешүү перспективалары талкууланган. Инвесторлор жана ишкерлер үчүн ШКУга мүчө – мамлекеттердин мыйзамдардын бирдиктүү  электрондук базасын түзүү боюнча маселеге өзгөчө маани бөлүнгөн.

Үчүнчү   кеңешменин жыйынтыктары боюнча  ШКУга мүчө – мамлекеттердин юстиция министрлери тарабынан кызматташтык жана биргелешкен  билдирүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.  Кол коюлган документте 2025-жылга чейинки Шанхай Кызматташтык Уюмунун өнүгүү стратегиясын, ШКУга мүчө – мамлекет башчыларынын Душанбе жана Уфа декларацияларында бекитилген келишимдерди жана милдеттерди эске алуу менен ШКУга мүчө – мамлекеттердин юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары регламенттелген.

Юстиция министрлери меймандостук жана жогрку деӊгээлде уюштурулган кеӊешме үчүн тажик тарапка ыраазычылык билдиришти. Кезектеги кеӊешмени Астанада (Казакстан) өткөрүү пландалууда.