Home » Борбордук күрөө каттоо конторасы (БККК) » Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын функциялары

Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын функциялары

Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

- электрондук маалыматтар базасында кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) бардык катталган талап укуктарын сактоону камсыздайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жайгашкан маалыматтын коопсуздугун жана купуялуулугун камсыздайт;

- расмий сайт аркылуу он-лайн режиминде Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин ачык пайдаланууну камсыздайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен кызыкдар жактарга көчүрмө берет;

- күрөөлүк кабарлоого кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун токтотуу жөнүндө өзгөртүүлөрдү жана жазууларды киргизет;

- күрөө жана тажрыйба алмашуу менен байланышкан маселелер боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте эл аралык байланыштарды түзөт жана эл аралык уюмдар менен кызматташат;

- өзүнүн курамына кирген аймактык күрөөлүк каттоо контораларынын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт, башкарат жана контролдойт;

- күрөөлүк каттоо контораларын материалдык-техникалык жактан камсыздоону жана каржылоону уюштурат.