Home » ЧУА инвентаризациялоо боюнча комиссия » Анализ деятельности МВК по инвентаризации НПА » Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» 2015-жылдын 7-майындагы № 276 токтомун мамлекеттик органдар менен аткарылышын Талдоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» 2015-жылдын 7-майындагы № 276 токтомун мамлекеттик органдар менен аткарылышын Талдоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы                         № 276 токтому менен Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жаӊы жобо (мындан ары-Жобо) бекитилген.

Жаӊы Жобону кабыл алуунун максаты болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү, ченемдик укуктук актылардын сапатын жакшыртуу жана инвентаризациялоо жол-жобосун оптималдаштыруу, министрликтердин жана ведомстволордун ченем жаратуу ишин координациялоону камсыздоо эсептелет.

Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердүүлүгүнүн жаӊы укуктук негизи Комиссиянын курамына жана анын ишин уюштуруусуна жаӊы талаптарды бекитүү менен ушул Комиссиянын ишинин форматын карап чыгууга мүмкүндүк берди.

Өз учурда, координациялык функциялардын алкагында Юстиция министрлигине бир катар функциялар жүктөлгөн, анын ичинде Комиссиянын ишине талдоо жүргүзүүгө жана жыйынтыгын жалпылоо.

Жобого ылайык Юстиция министрлиги Комиссиянын отчеттук мезгилдеги ишине талдоонун жыйынтыгы боюнча жалпыланган маалыматты анын ишин жакшыртуу жана өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган Комиссия мүчөлөрүнө тартиптик жаза колдонуу жөнүндө конкреттүү сунуштары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүүгө укугу бар.

Ушуга байланыштуу, ушул талдоо 2015-жылдын 7-майынан 30-октябрына чейинки маалыматты камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2015-жылдын 7-майындагы № 276 токтомунун 2-пунктуна ылайык Юстиция министрлигине ушул токтомдон жана Жободон келип чыгуучу чараларды көрүү тапшырылган.

Жогоруда белгиленген пунктту ишке ашыруу максатында Юстиция министрлиги Комиссиянын эффективдүү иштөөсү үчүн шарт түзүүгө багытталган иш чараларды өткөргөн.

Жобо менен Комиссиянын курамы мамлекеттик органдардын жетекчилеринин иштин тийиштүү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгууга ыйгарым укук берилген орун басарларынан жана статс-катчыларынан  түзүү аныкталган.

Жобонун 8-пунктуна ылайык Юстиция министрлигинин 2015-жылдын 15-июнундагы № 66 буйругу менен Комиссиянын курамы мамлекеттик органдардын берилген сунуштарынын негизинде түзүлгөн. Комиссиянын курамына Юстиция министрлигинин статс-катчысынын м.а. Комиссиянын төрагасы катары жана Юстиция министрлигинин кызматкери Комиссиянын катчысы, ошондой эле 21 мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарлары жана статс-катчылары киргизилген.

Жаӊы талаптар Комиссиянын жыйындарын уюштуруу маселелерине дагы тийиштүү болду. Жобонун 14-пунктуна ылайык Комиссиянын жыйыны зарылдыкка жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес жана Комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышса өткөрүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн учурда Юстиция министрлиги менен Комиссиянын 5 жыйыны уюштурулган.

Өткөрүлгөн Комиссиянын 5 жыйынын ичинен 2015-жылдын 12-июнунда болуп өткөн биринчи жыйыны аткаруу бийлигинин бардык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен Жобонун жаӊы талаптарына ылайык Комиссиянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди талкуулоо максатында уюштурулган.

Кийинки Комиссиянын 4 жыйынында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды, коррупциялык ченемдерди жоюуга жана өксүктөрдү толтурууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору каралган.

2015-жылдын 30-июнуна пландаштырылган жыйын кворум, башкача айтканда үчтөн экиден көбү жок болгондугуна  байланыштуу ишке ашкан жок.

Өз учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 10-июлундагы № 24-1815 тапшырмасы менен мамлекеттик органдардын жетекчилери Жобонун талаптарын бузуу үчүн жеке жоопкерчиликке тартылуусу тууралуу эскертилген.

2015-жылдын 21-июлунда, 28-августунда жана  30-октябрында болуп өткөн жыйындары  мыйзамдуу деп таанылган жана Комиссиянын ишинде мүчөлөрдүн катышуусу активдештирилген.

Мындан мурда белгиленгендей, Юстиция министрлиги өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган Комиссия мүчөлөрүнө тартиптик жаза колдонуу жөнүндө конкреттүү сунуштары менен Комиссиянын ишине талдоо жүргүзөт.

Жобонун 24-пунктунда Комиссия мүчөлөрүнүн өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганына критерийлер аныкталган, аларга:

1) Комиссиянын жыйынында аны алмаштыруучу адамды көрсөтүү менен мамлекеттик органдын катын бербестен жок болуусу;

2) Комиссиянын кароосуна ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун же долбоордун жоктугу жөнүндө расмий каттарды бербөө;

3) Комиссиянын кийинки жылга иш планын түзүү үчүн сунуштарды бербөө кирет.

1 жана 2-тиркемелерде Комиссиянын 4 жыйынында Комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусу жана Комиссиянын мүчөлөрү менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тууралуу маалымат көрсөтүлгөн.

Тиркемелерде баяндалган маалыматтын негизинде, Юстиция министрлиги төмөнкүдөй жыйынтыкка келди.

Комиссиянын курамын  жалаӊ гана мамлекеттик органдардын  орун басарларынын жана статс-катчыларынын ичинен түзүү керектигин  караган жобо,  ишмердүүлүгүнүн тиешелүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо үчүн мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин көтөрүү үчүн өбөлгө болушу зарыл эле.

Бирок айрым учурларда Комиссиянын отурумдарында Жобонун 15-пунктунун ченемдерине шилтеме кылышып Комиссия мүчөлөрүнүн ордуна ыйгарым укуктуу адамдар катышып турушкан, ага ылайык  эгерде Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер боюнча Комиссиянын жыйынына катыша албаса, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине бул жөнүндө маалымдоого жана жыйынга Комиссия мүчөсүнүн атынан добуш берүүгө жазуу түрүндө ыйгарым укук берилген башка өкүлдү жиберүүгө милдеттүү деп берилгендигин белгилеп кетүү керек.

Ушул анализдин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, жалпысынан Комиссиянын 4 отурумунда мүчөлөрдүн жеке катышуусу                  36,9 % түзгөн, ошол эле учурда ыйгарым укуктуу адамдардын катышуусу 39.3 % түзөт.

Комиссия мүчөлөрү менен Комиссиянын отурумдарына катышуу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын өкүлдөө укугун кыянаттык менен пайдаланган мындай көрүнүш, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын жеке жоопкерчилигине шек келтирип, Комиссиянын ишинде терс тажрыйба болушу мүмкүн деп эсептейбиз.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карама-каршылыктарды жоюуга, коррупциялык ченемдерди жана боштуктарды толтурууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Комиссиянын кароосуна киргизүү боюнча мамлекеттик органдардын иши жөнүндө белгилеп кетүү керек. Бул иштер 2013, 2014 жылдарга салыштырмалуу активдештирилген.

2013-жылдан 2015-жылга чейин ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин салыштырма анализинде көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, 2013-жылга мамлекеттик органдар менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүү 18.1 % түзгөн, 2014-жылы  7,5 %, 2015-жылдын январынан октябрь айына чейинки мезгилде 18.9 % түзгөн.

Бирок анализдин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн маалыматта, мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иштин басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле Юстиция министрлиги менен жүргүзүлүп жаткандыгы айтылат.

2015-жылдын январынан октябрь айына чейин Юстиция министрлиги тарабынан 19 ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыккан жана Комиссиянын кароосуна чыгарылган, бул 67,8 % түзөт, мамлекеттик органдар менен бардыгы 9 ченемдик укуктук актылардын долбоорлору киргизилип 32,1 % түзөт.

Өз кезегинде Юстиция министрлиги тарабынан  Комиссиянын ар бир отурумунда өзүнүн компетенциясынын алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун мамлекеттик органдар менен комиссиянын кароосуна  киргизүү  зарылдыгы жөнүндө белгиленип турат.

Жобонун 13-пунктуна ылайык Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын кароосуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды, ошондой эле коррупциялык ченемдерди жоюуга жана өксүктөрдү толтурууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүүгө милдеттүү.

Бүгүнкү күндө Комиссиянын милдеттери кеӊейтилгендиги тууралуу  белгилеп кетүү зарыл. Бүгүн негизги максатына коллизия жана боштуктарды таап чыгуу менен бирге ченемдик укуктук актыларда коррупциялык жоболорду таап чыгуу жана жоюу кирет.

Бул учурда, Комиссияга мыйзамдардагы коррупциялык ченемдерди таап чыгууга жана жоюуга укук берүү менен Өкмөт мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ишмердүүлүктүн алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди. Өз учурда, бул мамлекеттик органдардын активдештирүүсү үчүн кошумча инструмент болуу керек эле.

«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамга ылайык коррупцияга каршы аракеттенүүнү бардык мамлекеттик органдар жүргүзүүгө милдеттүү. Коррупцияга каршы аракеттенүү өзүнө коррупцияны алдын алуу чараны камтыйт.

Коррупцияны алдын алуу боюнча чаралардын бири болуп ченемдик укуктук актылардын жана алардын долбоорлорунун коррупцияга каршы экспертизасы эсептелет.

Ошондуктан, ар бир мамлекеттик орган коррупциялык ченемдерди жоюу предметине мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ишти ыйгарым укук чегинде алып барууга милдеттүү.

Мындан тышкары, мыйзамдарды коррупциялык өбөлгөлөрдөн тазалоо боюнча иштер Өкмөттүн 2014-жылдын 24-мартындагы № 177 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча Иш-чаралар планынын алкагында дагы жүргүзүлүшү  керек эле.

Иш-чаралар планына ылайык министрликтер жана ведомстволор колдонуудагы мыйзамдарга талдоо жүргүзүү жана коррупциялык көрүнүштөрдү түп тамырынан бери жоюуга багытталган милдеттерди натыйжалуу аткарууга тоскоолдук кылган, талдоонун жыйынтыгы боюнча аныкталган өксүктөрдү жана кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды Юстиция министрлигине киргизүү керек болчу.

Аны менен бирге, Комиссиянын ишмердүүлүгүнүн алкагында ченемдик укуктук актылардан коррупциялык ченемдерди жок кылуу боюнча функцияны кошуу менен мамлекеттик органдардын иши активдештирилген жок.

Ошондой эле Комиссия мүчөлөрүнүн милдеттеринин бири болуп кийинки жылга Комиссиянын иш планын түзүү боюнча сунуштарды киргизүү саналат, анткени Жобонун талаптарына ылайык  Комиссия ар жылы  келерки жылга инвентаризацияланууга тийиш ченемдик укуктук актыларды кайра кароо боюнча иш планды түзүүсү  зарыл.

Андыктан, жобо май айында кабыл алынгандыгын эске алып                         2015-жылга Комиссиянын иш планы түзүлгөн эмес. Буга жараша,  баа берүү чен белгилери бекитилбеген, атап айтканда, плансыз ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин баалоо, биздин пикирибиз боюнча объективдүү эмес болуп калат.

Мындан тышкары, жаӊы жобону кабыл алган мезгилден бери  6 ай өтө электигин, ошондой эле анын ченемдери дайыма ишке ашырууну талап кылаарын  эске алып, жобонун айрым ченемдеринин натыйжалуулугун жана майнаптуулугун аныктоо үчүн мындан да көбүрөөк убакыт зарыл болот.

Жалпысынан жогорудагы маалыматты жазып жатып, үстүбүздөгү жылдын 7-майынан 30-октябрына чейинки убакыттагы комиссиянын ишин канааттандыраарлык деп таанууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.

Ошону менен бирге, жобонун 24-пунктун жетекчиликке алып, ага ылайык Юстиция министрлиги Өкмөткө конкреттүү сунуштарын  берүүгө укуктуу, министрлик тарабынан төмөнкүлөр сунушталат.

Бүгүнкү күндө, Комиссиянын ишмердүүлүгүнүн алкагында иштелип чыккан Комиссиянын практикалык иши ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жылдырууда белгилүү бир кыйынчылыктарды көрсөттү, анткени 2013-жылдын 10-июнунда № 341 Өкмөттүн токтому менен бекитилген Өкмөттүн регламенти менен Өкмөттүн кароосуна ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүүнүн белгиленген тартиби бекитилген.

Өкмөттүн жогоруда аталган регламентинин 51-пункту менен Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун Өкмөттүн Аппаратынын кароосуна  киргизүүнүн эки ыкмасы көрсөтүлгөн, атап айтканда, долбоорду Өкмөттүн жыйынына алып чыгуу жана чечимдин долбоорун сурамжылоо жолу менен кабыл алуу.

Бул пункт менен иштеп чыгуучу орган Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун Өкмөттүн кароосуна киргизүүнүн тартибин ушул Регламенттин жоболоруна ылайык өз алдынча аныктайт деп каралган.

Көп учурларда мамлекеттик органдар ченемдик укуктук актынын долбоорун Өкмөттүн Аппаратынын кароосуна сурамжылоо жолу менен чечим кабыл алуу үчүн киргизишет.

Ошону менен, Юстиция министрлиги Комиссиянын ишинин алкагында иштелип чыккан ченемдик укуктук актынын долбоорлорун Өкмөттүн аппаратынын кароосуна  киргизүүнүн форматын кайра карап чыгууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Бул үчүн, Комиссиянын отурумунда жактырылган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору бирдиктүү документтердин пакети менен Өкмөттүн кезектеги отурумуна чыгарылууга жатат деп караган жогоруда белгиленген Өкмөттүн регламентине түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Комиссиянын чечими менен аныкталган Юстиция министрлиги же мамлекеттик орган, Өкмөттүн кезектеги отурумунун датасына чейин, Финансы министрлигин, Экономика министрлигин жана Тышкы иштер министрлигин кошуп Өкмөт мүчөлөрү менен макулдашуу жол-жобосун өткөрбөстөн Өкмөттүн Аппаратына документтер пакетин киргизет.

Бул сунуш кайталап макулдашууну алып салууга мүмкүндүк берет, анткени белгиленген долбоорлор отурумдун өзүндө бул комиссиянын мүчөлөрү менен алдын ала каралып чыгат, андан кийин протокол менен таризделген долбоорду жактыруу же четке кагуу жөнүндө коллегиалдуу чечим кабыл алынат.

Сунушталып жаткан жобо ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жылдыруу  процессин тездетүүгө жана Комиссиянын жана мамлекеттик органдардын ишин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, жалпысынан, Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин талдоону эске алуу менен, Юстиция министрлиги Өкмөттүн кароосуна киргизүүнүн эки процедурасын аныктоо жолу менен мыйзам долбоорлорун демилгелөө боюнча аткаруу бийлигинин ишин системалоо максатка жатат деп эсептейт.

Биринчиден, министрликтер жана ведомстволор менен мыйзам долбоорлорун даярдоо жана жылдыруу тиешелүү учурга бекитилген Мыйзам долбоорлоо ишинин планынын негизинде жүргүзүү. Ушул учурда, көрсөтүлгөн Планга концептуалдуу, стратегиялык мүнөзгө ээ жана жаӊы коомдук мамилелерди жөнгө салууну сунуштаган мыйзам долбоорлорду киргизүү зарыл.

Мамлекеттик органдардын функцияларынан жана милдеттеринен келип чыккан жана мамлекеттик органдардын негизги ишмердүүлүгүн камсыздоого, ошондой эле а         йрым ченемдерди ченемдик укуктук актыларга ылайыкташтырууга багытталган мыйзам долбоорлору Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында каралуусу жана жылышы зарыл.

Жалпысынан, Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия аркылуу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жылдыруу, алардын сапатына жакшы таасир бере тургандыгын белгилеп кетүү керек. Анткени долбоорлор кызыкдар мамлекеттик органдарды, юристерди, билимдүүлөрдү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чакыруу менен коллегиалдуу каралат. Ушул айлананы бизнес топторду, ассоциацияларды жана башка бирикмелердин өкүдөрүн тартуу менен кеӊейтсе болот, себеби алар өз ишмердүүлүгүн аткарууда мыйзамдарда болгон карама-каршылыктар, боштуктар жана коррупциялык ченемдер үчүн көйгөйлөргө туш болушат. Комиссиянын ишине ар-кандай уюмдарды үндөө мыйзамдардагы кемчиликтерди жана каталыктарды кеӊ карап чыгууга мүмкүндүк берет, анткени мыйзамдын ченемдеринин эффективдүүлүгүн жана таасир алып келгендигин практикада гана көзөмөлдөсө болот деп эсептейбиз.

Жогорудагыны жыйынтыктаганда көрсөтүлгөн сунуштар аткаруу бийлик органдарынын мыйзам долбоорлоо ишинин эффективдүүлүгүн жана координациялоону бир кыйла жакшыртууга, ошондой эле Өкмөттүн ишин Жогорку Кенешке киргизилген мыйзам долбоорлорун пландуу жана пландан тышкары негизинде так чектөө жолу менен жеӊилдетүүгө мүмкүндүк бере тургандыгын белгилейбиз.

Мындан тышкары, Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия социалдык – экономикалык жана жашоого аракетинин башка чөйрөсүн өнүктүрүүгө аянтча болуп бере алат деп эсептейбиз.

 

 

Тиркеме 1

 

Комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйындарда катышуусу

(30-июнь 2015-жыл, 21-июль 2015-жыл, 28-август 2015-жыл жана 30-октябрь 2015-жыл)

 

Комиссиянын мүчөсүнүн аты-жөнү

Комиссиянын мүчөсүнүн кызматы

 

Жок болуусу

 

(проценттик ара катышы менен сандык көрсөткүчтө)

Жеке катышуусу

 

(проценттик ара катышы менен сандык көрсөткүчтө)

Мүчөнүн атынан добуш берүүгө ыйгарым укуктуу адамды жиберүү

 

(проценттик ара катышы менен сандык көрсөткүчтө)

Эскертүү

Курманова Айдай

Эркиновна

Экономика министрлигинин статс-катчысы

 

1 (25%)

3 (75%)

Касымбаев Нурбай

Адиевич

 

Ички иштер министринин биринчи орун басары

 

2 (50%)

2 (50%)

Суюмбаева Паиза

Усенбаевна

 

Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы

1 (25%)

1 (25%)

2 (50%)

Суеркулов Замир

Казакбаевич

Коргоо министринин биринчи орун басары

1 (25%)

1 (25%)

2 (50%)

Темиралиев Талайбек

Асанбекович

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы

2 (50%)

 

2 (50%)

Керималиев Жаныбек

Калканович

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары

1 (25%)

1 (25%)

2 (50%)

Мамыркалиев Эрмек

Алтымышович

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысынын м.а.

1 (25%)

3 (75%)

 

Джунушалиев Айбек

Джанышбекович

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы

2 (50%)

2 (50%)

 

Баяманова Зуура

Эдуардовна

Финансы министрлигинин статс-катчысы

1 (25%)

 

3 (75%)

Баетов Батыркул

Исаевич

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы

2 (50%)

1 (25%)

1 (25%)

Бекбоев Адилет

Зарлыкович

Билим берүү жана илим министринин орун басары

 

3 (75%)

1 (25%)

Кайкиев Эмиль

Абдыкалыевич

Тышкы иштер министринин орун басары

1 (25%)

1 (25%)

2 (50%)

Полотова Жылдыз

Арстанбековна

Социалдык өнүгүү министринин орун басары

1 (25%)

1 (25%)

2 (50%)

Секимов Бактыбек Шайыкбекович

 

 

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары

1 (25%)

1 (25%)

 

 

 

1 (25%)

ЮМ 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 122 буйругуна ылайык Комиссия мүчөсү алмаштырылган.
Дуйшенбиева Альбина

Кабылбековна

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары

 

1 (25%)

 

Куланбек уулу Айбек

 

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башкармалыгынын начальниги

 

3 (75%)

1 (25%)

Мотукеев Болот

Джакимбаевич

Өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары

 

4 (100%)

 

Шамшиев Абдухалык

Абдулхаевич

 

Өкмөткө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы

1 (25%)

2 (50%)

1 (25%)

Орозалиев Нурлан Султанович

 

 

 

 

Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары

1 (25%)

1 (25%)

1 (25%)

ЮМ 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 122 буйругуна ылайык Комиссия мүчөсү алмаштырылган.
Каримбеков Алик

Жолдошмаматович

Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары

 

1 (25%)

 

Борубаев Самат

Нарматович

 

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы

2 (50%)

1 (25%)

1 (25%)

Шыйкымбаев Саламат Капанович

 

 

 

 

Өкмөткө караштуу Баӊги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары

1 (25%)

 

2 (50%)

ЮМ 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 122 буйругуна ылайык Комиссия мүчөсү алмаштырылган.
Эрматов Сэйитбек

Таштанович

Өкмөткө караштуу Баӊги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары

 

 

1 (25%)

Ирсалиев Медер

Эсенгулович

 

Социалдык фондунун аппаратынын жетекчиси

1 (25%)

 

3 (75%)

Бардыгы

84

20 (23,8%)

31 (36,9%)

33 (39,3%)

 

 

 

Тиркеме 2

 

Комиссиянын мүчөлөрү менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору

(2015-жылдын 7-майынын 30-октябры боюнча)

Мамлекеттик органдардын аталышы

ЧУА долбоорлорунун бардыгы

 

(проценттик ара катышы менен сандык көрсөткүчтө)

Комиссиянын кароосуна киргизилгендер

 

(проценттик ара катышы менен сандык көрсөткүчтө)

Комиссиянын кароосуна кабыл алынгандар

 

(проценттик ара катышы менен сандык көрсөткүчтө)

Юстиция министрлигинин кароосунда

 

Эскертүү

Юстиция министрлиги

19 (67,8%)

19 (100%)

19 ЧУА долбоорлорунун ичинен 15 (78,9%)  ЧУА долбоорлору башка мамлекеттик органдар саясатын иштеп чыгуучу укук мамилелерин жөнгө салат.
Финансы министрлиги

2 (7,1%)

2 (100%)

Ички иштер министрлиги

1 (3,6%)

1 (100%)

Экономика министрлиги

1 (3,6%)

1 (100%)

Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

2 (7,1%)

1 (50%)

1(50%)

Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

2 (7,1%)

2 (100%)

Фонд Комиссиянын курамына кирбейт
Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги

1 (3,6%)

1 (100%)

Агенттик Комиссиянын курамына кирбейт

Бардыгы

28

26 (92,8%)

1 (3,6 %)

1 (3,6%)

 

Эскертүү: 2015-жылдын 7-майынан 30-октябрына чейинки аралыкта Комиссиянын ишмердүүлүгүн чегинде 26 ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыккан, анын ичинен 25 Комиссиянын мүчөлөрү менен жактырылган.