Home » Коомдук кеңеш » ККнын иштери жөнүндө маалымат » Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Коомдук байкоочу кеңештин уюштуруу чогулушунун 2011 жылдын 17 майындагы №1 Протоколу

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Коомдук байкоочу кеңештин уюштуруу чогулушунун 2011 жылдын 17 майындагы №1 Протоколу

17-май 2011 жыл                                                                                                              Бишкек шаары

Откөргөн жери: КР Юстиция министрлигинин Улуттук залы

Катышуучулар:

Мухамеджанов А.Ж.                                   – Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Мамидинова Ч.К.                                        – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-секретары

Арабаев Ч.И.                                                – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору

КБКнын мүчөлөрү:

 

Алымбекова Рысбюбю Музурбековна;

Бексултанов Манас Борукчиевич;

Бобукеева Меергүл;

Жунусова Асел;

Исмаилов Азамат Джапарович;

Кириленко Анна Васильевна;

Мадалиев Рустам;

Чекирова Айнура Турсуновна.

 

Күн тартиби:

 

1).Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Коомдук байкоочу кеңешинин биринчи чогулушун ачылышы;

2).КБКнын төрагасын,анын эки орун басарын жана жооптуу катчысын шайлоо.

Чогулушту Кыргыз Республикасынын Юстиция министри ачты

Мухамеджанов А.Ж. :Саламатсыңарбы, урматтуу Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү! Барыңарга белгилүү болгондой былтыркы жылдан бери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында Коомдук байкоочу кенештер түзүлүп иштеп келе жатат. Булл маселе боюнча 2010-жылдын 29-сентябрында №212 «Мамлекеттик башкаруу органдарынын граждандык коом менен карым –катнашын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында белгиленгендей , коомчулук менен макулдашылган карым-катнашуу максактында мамлекеттик органдарга караштуу коомдук байкоочу кеңештер түзүүдө жана анын курамына граждандык коомдун өкүлдөрү,илимий чөйрөлөр,бизнес-ассоциациялар,кесиптик жана тармактык союздар, мамлекттик ишмердүүлүгунө тийиштүү эксперттик коомчулуктар кирет.

Ушул ченемдик – укуктук акт Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүу органдардын грааждандык коом институттары (коомдук уюмдар,ассоциациялар.уюмдар ж.б) менен байланышын кеңейтүү,укуктук жактан бекемдөө жана практика жүзүндө ишке ашыруу ,ошондой эле ар кандай чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун кызыкчылыгын эске алуу менен айкындуулукту камсыз кылуу максатында кабыл алынды.,

2011-жылдын 29-апрелиндеги кандидатураларды тандообоюнча Комиссиянын заседаниесинин №7 Протоколунун көчүрмөсүнө ылайык мамлекеттик органдарга караштуу коомдук байкоочу кенештер Юстиция министрлигине караштуу Коомдук байкоочу кенешге 11 мүчө киргизилген.

Дагы белгилей кетчү нерсе ,Президенттин Жарлыгы менен бекиген мамлекеттик органдарга караштуу коомдук байкоочу кенештер жөнүндөгү Жобого ылайык Кенештин тапшырмалары төмөнкүлөр болуп саналат:

1).Аткаруу бийлигининоргандарынын ишмердүүлүгүн коомдук көзөмөл жургүзүү;

2).Мамлекеттик саясатты түзүүдө жана жургүзүүдө аткаруу бийлигини органдары коомдук пикирди эске алууга;

3).тармактык өнүгүүгө багытталган мамлекеттик органдардын иштерине байланышкан коомдук демилгелерди көтөрүп чыгуу  жана талкулоо;

4).Стратегиялык мүнөздө ,жалпыга маанилүү мамлекеттик органдардын сапатуу чечимдерди кабыл алуусуна катышу;

5).коомдук мониторингди жүргүзүү жана мамлекеттик органдар кабыл алган башкаруу чечимдериннин натыйжалуулугун көзөмөлдөө;

6).тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматын натыйжалуу баа берүу;

7).каржы каражаттарын , анын ичинде бюджеттик жана карыз (ссуда, кредит), ошондой эле атайын эсептик каражаттарды, донор катары бөлүнгөн техникалык жардамдарды жана гранттарды натыйжалуу жана айкындуулугуна коомдук көзөмөл жүргүзүү;

Жогоруда көрсөтүлон маанилүү тапшырмалар мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдердин саптын жанаайкындуулугун көтөрүп ,эң башкы нерсе коомчулуктун мамлекеттик органдардын ишине ишеним.артат.

Мен, өз кезегинде тыгыз кызматташуу жана активдүү иш алып баруу Кенештин иштери сапаттуу натыйжа алып келээрине ишенем жана иштериңерге ийгиликтерди каалайм..

Андан ары сөздү Юстиция министрлигинин статс-секретары улантты.

Мамидинова Ч.К.: Көңүлдүү кечиңер мене, ардактуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Коомдук байкоочу кенештин мүчөлөрү!

Эң биринчиден кааларым Кенештин мучолугуно киришиниздер менен куттуктайм жана биргелешип иштөөгө жана мындан аркы иштердеги ийгиликтерди каалайм.

Бүгүн биз Коомдук байкоочу кенештин биринчи чогулушун өткөрүп жатабыз.

Бул жерде Сиздер төраганы, анын эки орун басарын жана жооптуу катчысын , ошондой эле мындан аркыуюштуруу маселелерин талкулоо керек..

Менин оюмча бул чогулуш биринчи болгондуктан. Сиздер бири-бириңиздер менен тааныш эмессиздер.ошондуктан жакын таанышышыңыздарды каалайм.

Мурда белгилеп кеткендей кандидатураларды тандообоюнча Комиссиянын мамлекеттик органдарга караштуу коомдук байкоочу кенештер Юстиция министрлигине караштуу Коомдук байкоочу кенешге 11 мүчө киргизилген.КБКнын ар бир мүчөсү мындан ары иштешүүгө карата өзү жөнүндө  жана иш тажрыйбасы жөнүндө

кыскача маалымат берүүсүн сурайбыз.

Адбрахматова А.Б. – келген жок.

Алымбекова Р.М.: Мен Ош мамлекеттик педагогикалык институтун .англис тили мугалими адисин аяктагам.Жалпы стаж 32-жыл. Мурдагы комсомол.Ош областык Коммунисттер партиясынын секретары , мамлеккеттик бирикмелердин жумушчуларынын обком профсоюзунун төрагасы болуп иштегем.Тейлөө боюнча Эмгек сиңирген жумушчусу болуп саналам.Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык бирикмелердин жана коомдук тейлөө жумушчуларынын профсоюзунун төрагасынын орун басары болуп иштейм.Менин ишим юстиция министрлигинин ишине тыгыз байланыштуу

Бексултанов  М. Б.: Мен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин бүтүргөм.6 жылдык стажым бар.Мурун Борбордук күрөө каттоо конторасында адис болуп иштегендиктен, Юстиция министрлигинин иши боюнча түшүнүгүм бар. Мындан тышкары «Илбирс» ААК укуктук маселелер боюнча директордун орун басары , ошондой эле Тюбинген, Германия экспорт академиясында In Went менеджерлерди даярдоо программасы боюнча иштегем..Азыркы учурда « Кыргызстан директорлорунун Гильдиясы» өнөр жай жумушчуларынын Федерациясынын укуктук жана уюштуруу маселелери боюнча аткаруучу директорунун орун басары болуп иштейм.

Бобукеева М.: Мен дагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юриспруденция адистигин бүтүргөм.Озүмдүн эмгек жолумду юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын даярдоо жана экспертизалоо Башкармалыгында баштагам. Жалпы стаж 18 жыл болуп саналат. Юстиция министрлигинен кийин «Жер жана агрардык реформа» долбоорунун юридикалык маселелер боюнча адиси, «Калыс-Консалт» КФ улуу юристи , Программа ВАSIS жерге  уруксат алууда ЗАРбенециаржардам көрсөтүү  жана каржылоо булактары боюнча юристи «айылдык инвестиция долбоорлору» Бүткүл Дүйнөлүк  банкынын кыска мөөнөтүү эксперти,»Айыл чарбаны өстүрүү, жакырчылыкты деңгөмөндөтүү жана айлана –чөйрөнү ЗАР таасир берүүнү изилдөө АБРР Программасынын координатору ,»Кадрдык башкаруу» Компоненттеринин укуктук маселелери боюнча жана ЮСАИД долбоорунда соттук реформа боюнча кеңешчиси болуп иштегем.Азыркы учурда Буткул Дуйнөлүк банкынын кыска мөөнөттүүэксперти болуп иштеп жатам.

Сиэдер көргөндөй  менин ишим юстиция министрлигине тыгыз байланыштуу .Ошондуктан менде бир нече министерствону алдыга жүргүзө турган сунуштар бар.

Жунусова А.: Мен Борбордук Азиядагы Америкалык университетти (эл аралык жана салыштыруу саясатында бакалавр тепкичин) Борбордук Европалык унмверситет,Будапешт,Венгрия (Адам укуктары укугунун магистр тепкичи)Азыркы учурда Борис Ельцин атындагы Кыргыз –Орус Славян университетинде юриспруденция адистигинде окуп жатам. Менин жалпы иш стажым 3 жыл..Бул убактарда мен ЖчКБ «АСА Сonsulting» юристтин ассистенти, Венгердик граждандык эркиндик союзунун юристинин ассистенти, «Ден соолукту коргоо фонду» коомдук фондунун юристи, коммерциялык эмес укуктун эл аралык борборунун юрисконсулу,АУЦА бизнестик укуктун жана коммерциялык  эмес укук жана граждандык укук боюнча окутуучу , Алатоо Ататюрк Эл аралык университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин адам укуктары курсунун окутуучусу.

Исмаилов А.Д.: Мен орто атайын билимим бар. – ФССШМ МВД СССР.Жалпы стаж -26 жыл..ИИМде кызмат кылдым, ОсОО «Нарк »,укуктук маселелер боюнча кенеш берүүчү, ОсОО «Плацкат-Бишкек СБнын Начальниги, ОсОО«Тумар» экспедитор-ккамсыздоочу, «Мерфи» ОсОО ДАО директорунун орун басары ,ОсОО ДАО «Сакчы-Бүркүт» башкы директору», «Маркетинг коммуникациясы» ОсОО ГБР кызматкери. Азыркы учурда «Айкөл Ала Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөсү.

Качикеева Б.Ж. – келген жок.

 

Кириленко А.В.: Менин эки жогорку билимим бар – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети юриспруденция жана биолог адистиги боюнча , химия боюнча окутуучу. 10 жылдан ашык стажысы бар. Мына ушул убактарда: Бишкек шаарынын Мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча,эксперт жана тренер, Кыргыз Республиасында Конрада Аденауэр Фондусунун тренери ,борбор ЦА регионалдык  экологиялык башкаруу боюнча улуттук эксперт, борбор ЦА регионалдык  экологиялык башкаруу боюнча жана ОБСЕ долбоору нун эксперти, «Кыргызстанга –күн энергиясы!» долбоорунун менеджери, «Жергиликтүу кенештер-туруктуу өнүгүү үчүн!» долбоорунун менеджери, Борбордук Азиялык жаштар экологиялык Сетинин Секретариатынын башчысы, «Энергиянын –жанылантчу булактары-Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр долбоорунун менеджери, мыйзамчыгаруунун экологиялык  экспертизасы боюнча улуттук эксперти, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун  экологиялык экспертиза жүргүзүү боюнча экспрет, «БИОМ» экологиялык кыймылынын менеджери, Кыргыз Республикасында RDS Европалык Комиссиянын делегациясы..Бир нече  жылдардан бери «БИОМ» экологиялык кыймыл программасынын координатору. Ошондой эле бир нече публикациялардын авторумун, дагы Кыргыз Республикасында мыйзамдардын долбоорлорун атайын экспертизадан өткөрүу боюнча Стандарттардын авторлорунун бири.

Менин ишмердүүлүгүм Юстиция министрлиги менен тыгыз байланышта.Пайдалуу жана жардам көрсөтүүгө даярмын.

Мадалиев Р.: Мен Кыргызстандын Эл аралык университетинин юриспруденция адистигин  кызыл диплом менен аяктагам, мындан тышкары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юриспруденция аистигин аяктагам. 12 жылдык стажым бар. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам чыгаруу жана ченемдик – укуктук актылардын укуктук экспертизасы Башкармалыгынын башкы адиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мыйзам чыгаруу жана сот практикасын  кенейтүү башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн сот органдар секторунун башчысы, «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук жана соттук реформасын колдоо» программасынын, эл аралык кызматташуу боюнча Германдык коомдун улуттук координатору иштедим. Мен дагы өзүмдүн ишимди Юстиция министрлигинде баштагам. 4 жыл иштедим. Бул жерден көп үйрөндүм жана кызматташууга жана жардамдашууга даярмын. Мен Юстиция министрлиги менен бирге ар кандай жумушчу топтор менен катышам. Мисалы, 2011-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн токтому менен бекиген 2011-жылдын «Экономика жана коопсуздук» иш-Планын ишке ашырууда Граждандык кодекске өзгөртүулөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу топко катышкам.

Мамбетов М.Б. – келген жок.

Мамидинова Ч.К.: Урматтуу Байкоочу кенештин мүчөлөрү, мен бул жерден тактап кетким келет, ушул жылдын 13 –майында Юстиция министрлигине Мамбетов Мирбек Бейшенбековичтен маалымат келген 2011-жылдын 29-апрелинде мамлекеттик органдарга караштуу коомдук байкоочу кенештердин курамына талапкерлерди тандоо комиссиясынын чогулушунун №7 Протоколунун көчүрмөсүнө ылайык тизмеге кирген, бирок ал 2011-жылдын 12-майында ал мамлекеттик кызматка өткөндүгүн билдирем.

Жогорудагыны эске алуу менен бирге мамлекеттик органдарга караштуу коомдук байкоочу кенеш жөнүндө Жобого ылайык, мамлекеттик бирикмелердин өкүлдөрү КБКнын мүчөлөрү боло албайт.Юстиция министрлиги КБКнын кийинки түзүлүшүн ишке ашыруу үчүн 2011-жылы 17-майда «Эркин Кыргызстан» газетасына жана дагы мамлекеттик веб-сайддарына юстиция министрлигине караштуу КБКны түзүүгө кулактандыруу жарыяланган.

Чекирова А.Т.: Мен Б.Ельцин атындагы Кыргыз Россиялык славяндык университетинде юриспруденция адистигин бүтүргөм. 5 жылдык стажым бар. Ушул убактарда «Келечектеги башкаруучу» клубунун төрагасы «Вискар» юридикалык компаниясынын юристинин жардамчысы, ЮСАИД-ПАКТ мониторинг жана баа боюнча стажер,прокурордун жардамчысы, «Вискар» консалтингдик компаниясынын юристинин жардамчысы, «Кыргыз Консепт» юридикалык бөлүмүндө стажер, «Бишкек Иштерман клубунун» юристи болуп иштеп жатам .

Менин иштерим ишкердик кылууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын долбоорлоруна керектүү анализ жүргүзүүгө чоң жардам бере алам.

Мамидинова Ч.К.: Бардыгыңыздар менен таанышкандыгыма кубанычтамын. Юстиция министрлигинин Байкоочу кенешинин мүчөлөрүнүн бардыгы компоненттүү адамдар экенине жана алардын иштери министерство менен тыгыз байланышта экени мени кубандырат.

Оз кезегинде айтып кетчү нерсе КБКнын чогулушунун кийийнки күнү Юстиция министрлигинин ишинин багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин өнүгүү стратегиясы катары стратегиялык документтерди даярдоонун мүмкүнчүлүгү жөнүндө оз сунушумду айткым келет.

Кийинки сөздү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору – мамлекеттик органдарга караштуу коомдук байкоочу кенештин талапкерлерин тандоо боюнча Комиссиянын мүчөсү сүйлөдү.

Арабаев Ч.И.: Саламатсыздарбы министр, статс-секретарь жана Байкоочу кенештин мүчөлөрү!

Сиздер билгендей, КБКны түзүү былтыркы жылдан башталган жана ал оң натыйжасын берип келе жатат.Азыркы учурда КБКбардык мамлекеттик органдарда бар.Бул абдан туура , негизгиси Кенештин багыты – бул аткаруу бийлигинин органдарын ишин коомдук көзөмөл кылууда граждандардын катышуусу ,органдар менен коомчулуктун ортосундагы натыйжалуу карым – катнаш,мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда коомдук пикирди эске алуу болуп саналат.

Сиздер, урматтуу КБКнын мүчөлөрү, Юстиция министрлиги менен коомчулуктун ортосундагы көпүрө болушуңуздар керек. Сиздер менен Абылай Жумакадырович Мухамеджанов  жана Мамединова Чынара Кудайбердиевна түздөн – үз кызматташа алат.

Сиздер министерствонун иши жөнүндө баа берүүңүздөр сөзсүз объективдүу болуш керек.

Азыр күн тартибине ылайык Сиздер Кенештин төрагасын,эки орун басарын жана жооптуу катчыны тандашыңвыздар керек.

Алымбекова Р.М.: Бул жерде улуу катары, мен сунуш киргизгим келет. Добушка талапкерлерди айтылган кызматы боюнча шайлайлы.

 

Жунусова А.: Мен, Качикеев Б. бул жерде жок болсо дагы, аны жакшы билгендиктен КБКнын төрагалыгына сунуштайм. Ал бул милдетти аткарат деп ишенем.

Кириленко А.В.: Чогулушка катышпаган адамды шайлагандык туура болобу?

Алымбекова Р.М.: Башка талапкерлер барбы?

Бобукеева М.: Иш тажрыйбасын жана квалификациясын карап, мен Мадалиев Р. сунуштайм.

Мадалиев Р.: Мен КБКнын төрагалыгына Бобукееваны М. көрсөтөт элем.

Бобукеева М.: Мени көрсөтүүгө каршымын.

Чекирова А.: Мен Кириленко А.В. талапкерлигин көрсөтөм.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу КБКнын мүчөлөрунүн добуш берүунүн жыйынтыгында Кенештин төрагалыгына Мадалиев Р. тандалды.

-Мадалиев Р.: «ооба» – 5, «каршы» – 1, «калыс» – 2;

-Качикеев Б.: «ооба» – жок, «каршы» – жок, «калыс» – 8;

-Бобукееванын өзүнө каршылыгын кабыл алуу: «ооба» – 8, «каршы» – жок, «калыс» – жок;

-Кириленко А.В.: «ооба» – 3, «каршы» – 2, «калыс» – 2;

 

Мадалиев Р.: Ишеним бергениңиздерге рахмат.

Андан ары талкуулоонун жана добуш берүүнүн жыйнтыгы боюнча

Юстиция министрлигине караштуу Коомдук байкоочу кенештин мүчөлөрү Кенештин төрагасынын орун басарлыгына Бобукеева М. жана Кириленко А.В. тандашты.

 

Бобукеева М.: «ооба» – 6, «каршы» – 1, «калыс» – 1;

Кириленко А.В.: «ооба» – 6, «каршы» – 1, «калыс» – 1.

 

Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Байкоочу кенештин жооптуу катчылыгына Жунусова А.талапкерлиги сунушталган, бирок ал өзу каршылыгын билдиргенден кийин Чекирова А.көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Коомдук байкоочу кенештин мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында жооптуу катчылыкка Чекирова А.тандалды.

 

-Чекирова А. «ооба» – 7, «каршы» – жок, «калыс» – 1;

-Жунусова А. өзүнө каршылыгын кабыл алуу: «ооба» – 8, «каршы» – жок, «калыс» – жок;

 

Мамидинова Ч.К.: Менимче, мен бул жердегпи катышкандардын атынан тандалган адамдарга ийгилик каалайм жана бири-бириниздер менен  түшүнүшүп иштешиңиздерге ишенем.

 

Чогулуш бүткөндөн кийин Биз сиздерге КБКга бекиген  имаратты жана керектүү оргтехниканы көрсөтобүз.

Мадалиев Р.Чоң рахмат, Чынара Кудайбердиевна!

Байкоочу кенештин мүчөлөрү кийинки чогулушту 2011-жылдын 2-июнга белгилешти күн тартибине Юстиция министрлигинин ишмердүүлүгүнүн багыттары жана анын стратегиялык өнүгүшү түүралүу болмокчу.

Кыргыз Республикасынын

Юстиция министри

Мухамеджанов А.Ж.

 

Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигинин

Статс-секретары

Мамидинова Ч.К.

 

КБКнын төрагасы:

Мадалиев Р.

 

Жооптуу катчы:

Чекирова А.Т.