Баткен облусунун мамлекеттик нотариусу банк кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштүү

25.08.2017 17:17

Баткен облусунун Баткен шаарынын мамлекеттик нотариусу Ж.С. Тажибаев Баткен шаарындагы «Бай-Тушум Банк» ЖАК филиалынын кызматкерлерине «Күрөө келишими, күрөөгө коюлган мүлккө тыюу салу, тыюууну алып салуу» темасында лекция окуду. Жолугушуунун жүрүшүндө нотариус аталган теманы банк кызматкерлерине кенири айтып берди. Ошону менен бирге, кызматкерлердин башка укуктук суроолоруна жооп берди. Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар укуктук темаларга лекцияларды ар дайым өткөрүп турууну макулдашышты.