Ысык-Көл облустук Юстиция башкармалыгынын кызматкерлери жаштар уюумдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү

25.08.2017 15:15

2017-жылдын 24-август айында Ысык-Көл облустук Юстиция башкармалыгынын адистери Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жыйындар залында Жети-Өгүз районундагы бардык айыл округтардын жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу» темасына арналган семинар өткөрүштү. Бул семинардын негизги максаты айыл жергесиндеги жаштардын көйгөйлүү маселелерин талкулоо, коомдук бирикмелерди түзүүдө аларга көмөк көрсөтүү, айыл жергесиндеги ченемдик укуктук актыларынын аткарылышы жана алардын юридикалык күчкө ээ болуусун шарттаган Кыргыз Республикасынын мыймамдарын түшүндүрүү болду.

Юстиция башкармалыгынын адистери өзүнүн түздөн түз аткарып жаткан укуктук үгүтөө, МКЮЖ, нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жана юридикалык жактарды каттоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар өкүлдөрү коомдук бирикмелерди катоо тартиби, мамлекет кепилденген юридикалык жардам берүүнүн шарттары жана мамлекеттик органдарга жумушка орношуу боюнча кызыгууларын билдиришти. Мындан тышкары айылдын жаштарына Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Борборлоштурулган укуктук маалымат банкынан мыйзамдарын пайдалануунун жол-жоболорун түшүндүрүү жүргүзүлдү. Семинардын соӊунда юстиция башкармалыгынын кызматкерлери жана айыл жергесиндеги жаштар уюумдары менен укуктук кызматташуу жөнүндө макулдашышты.