Мамлекеттик нотариустар айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен жолугушууну улантышууда

24.08.2017 16:16

Көк-Жангак шаарынын мамлекеттик нотариусу А.Жороев, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кок-Арт айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга айыл өкмөттүн кызматкерлери, жергиликтүү кенештин өкүлдөрү, Сузак ички иштер болумунун Кок-Арт айыл округу боюнча участкалык инспектору катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө, мамлекеттик нотариус тарабынан айыл өкмөттүн кызматкерлерине жана жергиликтүү кеңештин өкүлдөрүнө, документтерди күбөлөндүрүү, мурас жөнүндө, КР “Миграция жөнүндөгү” мыйзамы менен жонго салынган жашы жете электерди Кыргыз Республикасынын сыртка алып чыгууда маселелер, автомашинага берилүүчү ишеним кат боюнча түшүндүрүп айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги тарабынан даярдатылган буклеттерди таркатылып берилди.