Нарын облусунун Ак-Талаа районунун «Айыл Банк» ААКнун кызматкерлери үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

24.08.2017 11:11

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик нотариусу М. Казиева Ак-Талаа районундагы «Айыл Банк» ААКнун кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын ченемдери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жолугушуу учурунда нотариалдык иш аракеттер боюнча ар кандай маселелер талкууга алынып, банктын кызматкерлери мамлекеттик нотариус тарабынан кеӊири маалыматтарды ала алышты. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү – калктын укуктук аӊ-сезимин жогорулатуу боюнча Концепциясынын алкагында өткөрүлдү.