«Жарандык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол өттү

17.08.2017 16:16

Бүгүн, 2017-жылдын 17-августунда «Сити Бишкек» мейманканасында «Жарандык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол өттү.

Тегерек столго Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кенештин Аппаратынын, министрликтердин жана ведомстволордун, «Правовая клиника «Адилет» КФ, «Юристы Ферганской долины без границ» КБ, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Конституциялык Мыйзамдын долбоору Юстиция министрилигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен катышуучулардын көӊүлүнө сунушталган.

Талкуулоодо мыйзам долбоорун жакшыртуу боюнча сын пикирлер жана сунуштар келип түшктү.

Ушул мыйзам долбоору Юстиция министрлигинин буйругу менен түзүлгөн Ведомство аралык жумушчу топ менен иштелип чыккан жана жарандык тууралуу мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен ылайык келтирүүгө багытталган.